Баш каарман Абдыкеримов Болот Тилекович, кесиби боюнча юрист, саясат таануучу, бир канча жыл миграцияда эмгектенип, жеке бизнестерин ачып бутуна турган соң өз мамлектине кызмат кылуу максатында мекенине кайтып келет. Жанына мыкты активисттерди топтоп эл үчүн, коом үчүн идиологиялык программаларды иштеп чыгып, көптөгөн жакшы иштерди жазап башташат. А бирок ошол эле учурда тескерисинче отуз жылдан бери кыргыз элин сыздатып, сызга батырган, идеологияны, улуттук баалулуктарды жок кылган, карапайым элди алдап, элдин ынтымагын, биримдигин ыдыраткан, корупциялык схемаларды түзгөн кландар бар. Болот жана анын командасы аларга каршы туруп кандай гана кыйынчылык, сыноо болбосун, бир муштумдай биригип мамлекеттүүлүк үчүн күрөшүшөт.